# 304-статья. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 27.10.2011 [Закон КР от 27 октября 2011 года № 185 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203424); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 246 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203196); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920042..920043>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 304-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-304

---

(1) Кызмат адамы өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланса, эгерде бул жосун граждандардын же юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн бир миңден эки миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар өзү же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктар табуу максатында, ошондой эле башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн үч миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосун:

1) өзгөчө ири зыян келтирүү менен;

2) уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыктарында;

3) менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында, -

эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган, жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, - эсептик көрсөткүчтүн отуз миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. 1. Ушул главанын статьяларында кызмат адамдары катары туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча бийлик өкүлүнүн милдеттерин жүзөгө ашырган же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрдө уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык милдеттерди аткарышкан адамдар табылат.

2. Ушул Кодекстин статьяларында жооптуу абалды ээлеген кызмат адамдары деп Кыргыз Республикасынын Конституциясында, конституциялык мыйзамдарында мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын түздөн-түз аткаруу үчүн мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдар табылат.

3. Кызмат адамдарынын катарына кирбеген мамлекеттик кызматчылар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматчылары ушул Кодекстин тийиштүү статьялары боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат.

4. Ушул статьяда каралган жосун, эгерде ал кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма миң эсеге ашса, өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалган деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [303-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-303)  
Кийинки берене: [3041-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-3041)
