# 303-статья. Коррупция

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 303-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-303

---

(1) Коррупция - материалдык, ар кандай башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды укуксуз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамынын айрым адамдар же топтор менен туруктуу байланышын билдирген, коомдун жана мамлекеттин таламдарына коркунуч келтирген атайын жасалган жосундар, - мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыгында жасалса, же башка оор кесепеттерге алып келсе, - мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [302-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-302)  
Кийинки берене: [304-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-304)
