# 30-статья. Кылмышка шериктеш болуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920072..920074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 30-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-30

---

(1) Эки же андан көп адамдардын кылмыш жасоого атайылап өз ара биргелешип катышуусу кылмышка шериктеш болуу деп табылат. (2) Аткаруучулар менен катар уюштуруучулар, шыкакчылар жана көмөкчүлөр кылмыш шериктери деп табылат. (3) Түздөн-түз кылмыш жасаган же болбосо аны жасоого башка адамдар менен бирге түздөн-түз катышкан, ошондой эле мыйзамдын күчүнөн улам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбай турган башка адамдарды пайдалануунун аркасында кылмыш жасаган адам аткаруучу деп табылат. (4) Кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген адам, ошого тете уюшкан кылмыштуу топту же кылмыштуу шериктикти түзгөн же болбосо аларды жетектеген адам уюштуруучу деп табылат. (5) Кылмыш жасоого түрткөн адам шыкакчы деп табылат. (6) Кеңеш, көрсөтмөлөр, каражаттар, маалымат, мүлк берүү менен же тоскоолдуктарды жоюу менен кылмыш жасоого көмөктөшкөн адам, же кылмышкерди, кылмыш жасоонун куралдарын же каражаттарын, кылмыш издерин же болбосо кылмыш жолу менен табылган нерселерди жашырууга алдын ала убада берген адам, ошого тете мындай нерселерди алууга же өткөрүүгө алдын ала убада берген адам көмөкчү деп табылат. (7) Уюштуруучунун, шыкакчынын жана көмөкчүнүн жоопкерчилиги аткаруучунукундай эле Кылмыш-жаза кодексинин Өзгөчө бөлүгүндөгү статья боюнча, ошол статьяга таянуу менен келип чыгат. (КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-31)
