# 2992-статья. Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 180 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203989); 20.02.2009 [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203112)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920072..920074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-2992>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-2992.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 2992-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-2992

---

(1) Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, таратуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террорчулук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү, - кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) кызмат абалын пайдалануу менен;

3) чет өлкөлүк, коомдук бирикмелерден жана диний уюмдардан же болбосо башка уюмдардан, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардан алынган финансылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен;

4) эл алдында иш-чараларды өткөрүү учурунда;

5) экстремисттик же террористтик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет) кылмыш үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалса, -

кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жетиден он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. (КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 60, 2013-жылдын 3-августундагы № 180, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2991-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-2991)  
Кийинки берене: [299-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-299-3)
