# 299-3-статья. Экстремисттик ишти каржылоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-299-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 299-3-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-299-3

---

(1) Экстремисттик ишти каржылоо, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жүргүзүүнү каржылоого багыштоо же толук же жарым-жартылай пайдалануу ниети менен же мындай арналышын же пайдаланылышын билип туруп, ар кандай усулдар же ыкмалар менен, тикелей же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) каражаттарды мыйзамсыз берүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү же каражаттарды топтоону жүзөгө ашыруу, - мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле аракет төмөнкүлөр тарабынан жасалса:

1) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу;

3) уюшкан кылмыштуу топ, -

мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүүлөр.

1. Ушул статьяда экстремисттик мүнөздөгү кылмышты даярдаган же жасаган адамдарга таандык каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролдугунда турган каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же мындай каражаттарды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат.

2. Ушул статьяда пайдаланылган "каражаттар", "экстремисттик уюм", "экстремисттик иш" деген терминдер мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

3. Экстремисттик ишти каржылоону жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2992-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-2992)  
Кийинки берене: [300-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-300)
