# 292-статья. Мамлекеттик чыккынчылык

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-292>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-292.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 292-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-292

---

Мамлекеттик чыккынчылык, башкача айтканда мамлекеттик жашыруун сырды ачып берүү, же болбосо чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга Кыргыз Республикасынын тышкы коопсуздугуна зыян келтирген кастык иш жүргүзүшүнө башкача жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын гражданы тарабынан жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин аталган статьясында, ошондой эле 293, 295-статьяларында каралган кылмыш жасаган адам, эгерде ал бийлик органдарына ыктыярдуу жана өз убагында кабарлоо менен же башкача түрдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына андан ары зыян келтирүүнү болтурбоого көмөк көрсөтсө, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамдары болбосо, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [291-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-291)  
Кийинки берене: [293-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-293)
