# 29-статья. Кылмыш жасоодон өз ыктыяры менен баш тартуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 29-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-29

---

(1) Адамдын даярдык аракеттерин токтотушу же болбосо кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган аракетти же аракетсиздикти токтотушу, эгерде адам кылмышты аягына чыгарууну аңдап билсе жана чыныгы мүмкүнчүлүккө ээ болсо, кылмыштан өз ыктыяры менен баш тартуу деп табылат. (2) Жосундан өз ыктыяры менен баш тартуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт. Кылмышты аягына чыгаруудан өз ыктыяры менен баш тарткан адам, эгерде ал жасаган жосун иш жүзүндө башка кылмыштын курамын камтыган учурда гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. (3) Кылмышты уюштуруучунун, шыкакчынын же көмөкчүнүн өз ыктыяры менен баш тартуусу, эгерде адам кылмыш жасоону болтурбоо үчүн колунан келген чаралардын бардыгын өз убагында жасаса жана мында кылмыштын коомдук коркунучтуу кесепеттери али жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигин жокко чыгарат.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-30)
