287-1-статья. Автомобиль жолун мыйзамсыз тосуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 27-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Автомобиль жолун мыйзамсыз тосуу, башкача айтканда жыйырма төрт сааттан ашык узактыкка жөө жүрүүчүлөрдүн, автомобиль жана башка транспорт каражаттарынын кыймылына бөгөт коюуга же чектөөгө багытталган, жол тилкесинде адамдардын топтолушун түзүү же болбосо тосмо курулмаларды, техниканы же башка нерселерди коюу жолу менен же болбосо жол тилкесин топтолгон адамдардан бошотууга жана тосуучу курулмалардан, техникадан же башка нерселерден тазалоого тоскоолдук кылуу жолу менен атайылап жасалган аракеттер, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттерди уюштуруу же жетектөө, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) жабырлануучунун ден соолугуна оор же анча оор эмес залал келтирүүгө;
2) ири өлчөмдөгү материалдык зыянды келтирүүгө алып келсе, -
укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен төрт жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) адамдын өлүмүнө;
2) өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыянды келтирүүгө алып келсе, -
укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (5) Ушул статьянын биринчи-төртүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар куралды же жалындоо үчүн түзүлүшү (запалы) бар күйүүчү аралашма куюлган сыйымдуулукту колдонуу, ошондой эле бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен жасалса, - укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Укук бузуу жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн беш жүз эсе ашкан зыян ушул статьяда - ири зыян, миң эсе ашкан зыян - өзгөчө ири зыян деп табылат. (КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
287-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-287-1" title="287-1-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>