# 282-статья. Транспорт каражаттарын сапатсыз оңдоо жана аларды техникалык бузуктары менен пайдаланууга чыгаруу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920004..920005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-282.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 282-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-282

---

(1) Транспорт каражаттарынын техникалык абалы үчүн жооптуу адам тарабынан транспорт каражаттарын, жол катнашын, кабарлагыч же байланыш каражаттарын, же болбосо башка транспорт жабдууларын сапатсыз оңдоо, ошого тете техникалык жактан бузук транспорт каражаттарын атайылап пайдаланууга чыгаруу, эгерде бул байкабастыктан улам жабырлануучунун саламаттыгына оор же анча оор эмес зыян келтирүүгө же ири зыян келтирүүгө алып келсе, - зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул эле жосун, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, - эки жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабастыктан эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, - үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [281-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-281)  
Кийинки берене: [283-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-283)
