# 280-статья. Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 12.03.2002 [Закон КР от 12 марта 2002 года № 36 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920040..920042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 280-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-280

---

(1) Аткарган ишине же ээлеген кызматына байланыштуу темир жол, аба, суу транспортунун кыймылынын жана/же аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин сактоого милдеттүү болгон адам тарабынан бул эрежелер бузулганда, эгерде бул жосун байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор же анча оор эмес зыян келтирсе же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келсе, - зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же бир миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч эселеген айып салууга, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат. (2) Ушул эле жосун байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун байкабастыктан бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе, - үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 280, 282, 283 жана 286-статьяларында кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсе ашса - ири өлчөмдөгү зыян деп таанылат. (КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [279-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-279-1)  
Кийинки берене: [281-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-281)
