# 279-1-статья. Өзгөчө баалуу дарактын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-279-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 279-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-279-1

---

(1) Өзгөчө баалуу дарактын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу, ташуу, кайра иштетүү, сатып алуу же сатуу, - эсептик көрсөткүчтөрдүн жети жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салуу менен жазаланат. (2) Ошол эле жосун:

1) (КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча;

3) ири өлчөмдө жасалганда, -

кылмыш жасоо үчүн пайдаланылган материалдарды, кайра иштетүүчү жабдууларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосун өзүнүн кызмат абалын пайдаланган адам тарабынан жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен алты жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 12-февралындагы № 16, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [279-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-279)  
Кийинки берене: [280-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-280)
