# 278-статья. Мыйзамсыз аңчылык кылуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2009 года № 301 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203234)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920024..920025>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 278-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-278

---

(1) Мыйзамсыз аңчылык кылуу, эгерде бул жосун:

1) ири зыян келтирүү менен;

2) механикалык транспорт каражаттарын же аба кемесин, жардыргыч заттарды, газдарды же канаттуулар менен айбанаттарды текши кыруунун башка ыкмаларын колдонуу менен;

3) аңчылык кылууга толук тыюу салынган канаттууларга жана айбанаттарга карата;

4) коруктун, атайын коруктун аймагында же экологиялык кырсык болгон зонада же өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада жасалса, -

эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат. (2) Ушул эле жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса же алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат. (КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [277-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-277)  
Кийинки берене: [279-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-279)
