# 276-1-статья. Мыйзамсыз кармалган балыкты сатып өткөрүү, сатуу максатында алып чыгуу, ташуу, сатып алуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-276-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 276-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-276-1

---

(1) Мыйзамсыз кармалган балыкты жана андан жасалган продукцияны жана икраны сатып өткөрүү, сатуу максатында алып чыгуу, ташуу, сатып алуу, эгер бул иштер балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнө карата жасалса,- беш жүздөн эки миң эсептик көрсөткүчкө чейинки ири өлчөмдө айып салынат же бир жылга чейинки түзөтүү жумуштары, же эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар, эгер алар ири өлчөмдө мурдатан макулдашкан же уюшкан кылмыштуу топтогу адамдардын топтору аркылуу жасалса, - эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат же эки жылга чейинки түзөтүү жумуштары, же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 276-1, 279-1-статьяларында кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма эсе ашса кылмыш предметинин наркы олуттуу өлчөм, ал эми эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсе ашса - ири өлчөм деп таанылат. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 199, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамыдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [276-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-276)  
Кийинки берене: [277-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-277)
