273-статья. Жерди бузуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 26-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 ноября 2009 года № 301
(1) Уу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө түрткү берүүчү жана башка коркунучтуу химиялык же биологиялык заттарды сактоодо, пайдаланууда жана ташууда аларды колдонуу эрежелерин бузуудан улам чарбалык же башка иштердин зыяндуу продукциялары менен жердин ууланышы, булганышы же башка бузулушу адамдын саламаттыгына же жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирсе, - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат. (2) Жерди рекультивациялоо эрежелерин аткарбоонун кесепетинен кыртыштын күрдүү катмарынын бузулушу же жок кылынышы, эгерде бул өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада же экологиялык кырсык болгон зонадагы жерлердин айыл чарбасында пайдаланууга жараксыз болуп калышына алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабастыктан бир же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
273-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- О внесении изменений в уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.03.1998 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-273" title="273-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>