# 272-статья. Атмосфераны булгоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2009 года № 301 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203234)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.11.2009 [Закон КР от 20 ноября 2009 года № 301 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203234); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920024..920025>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 272-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-272

---

(1) Булганыч заттарды атмосферага чыгаруунун эрежелерин бузуу же жасалгаларды, курулуштарды жана башка объектилерди пайдаланууну бузуу абанын булганышына же башка табигый касиеттеринин өзгөрүшүнө алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн үч жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат. (2) Ушул эле жосундар адамдын саламаттыгына зыян келтирсе, - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабастыктан бир же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [271-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-271)  
Кийинки берене: [273-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-273)
