# 266-статья. Экологиялык коркунучтуу заттарды жана таштандыларды чыгаруу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2009 года № 301 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203234)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.11.2009 [Закон КР от 20 ноября 2009 года № 301 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203234); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920024..920025>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 266-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-266

---

(1) Радиоактивдүү, бактериологиялык, химиялык заттар жана таштандылар эрежелерди бузуу менен ташылганда, көмүлгөндө же зыянсыздандырылганда, эгерде бул жосундар адамдын саламаттыгына же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүү коркунучун түзсө, - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат. (2) Ушул эле жосундар айлана-чөйрөнүн булганышына, ууланышына же зыяндуу абалга алып келсе, адамдын саламаттыгына зыян келтирсе же малдын текши кырылышына алып келсе, ошого тете экологиялык кырсык болгон зонада же өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада жасалса, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабастыктан улам адамдардын текши ооруп калышына же адамдын өлүмүнө алып келсе, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [265-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-265)  
Кийинки берене: [267-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-267)
