# 262-1-статья. Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди тартуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-262-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 262-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-262-1

---

(1) Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди тартуу, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) күч колдонуп зомбулук кылуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган ошондой эле жосун, - сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун:

1) ата-эне же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам, ошого тете ага мыйзам менен жашы жетпегендерге көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекемелердин башка кызматкерлери тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) жаш балага карата жасалганда, -

сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [262-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-262)  
Кийинки берене: [263-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-263)
