Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
262-1-статья. Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди тартуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 25-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди тартуу, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) күч колдонуп зомбулук кылуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган ошондой эле жосун, - сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун:
1) ата-эне же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам, ошого тете ага мыйзам менен жашы жетпегендерге көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекемелердин башка кызматкерлери тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) жаш балага карата жасалганда, -
сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-262-1" title="262-1-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>