# 259-статья. Граждандардын инсанына жана укуктарына кыянаттык келтирүүчү бирикмелерди уюштуруу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 259-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-259

---

(1) Иши граждандарга зомбулук кылуу же алардын саламаттыгына башкача зыян келтирүү менен коштолгон, болбосо граждандарды өздөрүнүн граждандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка укукка жат иш-аракеттерди жасоого ниеттендирүү менен коштолгон диний уюмдарды же коомдук бирикмелерди уюштуруу, ошого тете мындай бирикмелерге жетекчилик кылуу, - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Көрсөтүлгөн бирикмелердин ишине катышканда, ошого тете ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундарды пропагандалаганда, - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [258-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-258)  
Кийинки берене: [259-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-259-1)
