# 259-1-статья. Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок же лотерея жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын жана лотереяларды өткөрүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-259-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 259-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-259-1

---

1. Лотерея, кумар оюндарын оюн-зоок жабдууларын пайдалануу, же болбосо маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу менен уюштуруу, өткөрүү, -

эсептик көрсөткүчтүн он миң өлчөмүндөгү айып менен же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

2. Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, -

эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш миң өлчөмүндө айыпка же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ошол эле жосундар:

1) адам тарабынан өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;

2) адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүү боюнча;

3) уюшкан кылмыштуу топ же кылмыштуу шериктик тарабынан жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен бештен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьянын колдонулушу мамлекеттик, кесиптик жана кызыктыруучу лотереялардын ишине жайылтылбайт. (КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [259-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-259)  
Кийинки берене: [260-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-260)
