# 258-статья. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920054..920055>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 258-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-258

---

(1) Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же саламаттыгынын коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды өндүргөндө же сатканда, же кызмат көрсөткөндө, ошого тете товарлардын, иштердин же көрсөтүлгөн кызматтардын коопсуздук талаптарына ылайык келерлигин күбөлөндүргөн расмий документ укукка ылайыксыз берилгенде же пайдаланылганда, эгерде бул жосундар байкабастыктан адамдын саламаттыгына зыян келтирсе, - эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, эгерде алар:

1) жаш балдарга арналган товарларга, иштерге же кызматтарга карата жасалса;

2) байкабастыктан эки же андан ашык адамдын саламаттыгына зыян келтирсе;

3) байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -

эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар байкабастыктан улам эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, - төрт жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [257-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-257)  
Кийинки берене: [259-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-259)
