258-статья. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 25-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2013 года № 169
(1) Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же саламаттыгынын коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды өндүргөндө же сатканда, же кызмат көрсөткөндө, ошого тете товарлардын, иштердин же көрсөтүлгөн кызматтардын коопсуздук талаптарына ылайык келерлигин күбөлөндүргөн расмий документ укукка ылайыксыз берилгенде же пайдаланылганда, эгерде бул жосундар байкабастыктан адамдын саламаттыгына зыян келтирсе, - эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, эгерде алар:
1) жаш балдарга арналган товарларга, иштерге же кызматтарга карата жасалса;
2) байкабастыктан эки же андан ашык адамдын саламаттыгына зыян келтирсе;
3) байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар байкабастыктан улам эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, - төрт жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
258-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 10.06.2011 · № 299
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 09.08.2011 · № 152 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-258" title="258-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>