# 257-статья. Адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген жагдайлар жөнүндө маалыматтарды жашыруу же бурмалоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 257-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-257

---

(1) Адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына же айлана-чөйрө үчүн коркунуч келтирген окуялар, фактылар же кубулуштар жөнүндө маалыматтар менен калкты камсыз кылууга милдеттүү болгон адам тарабынан алар жашырылганда же бурмаланганда, - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар мамлекеттик жооптуу кызмат адамдары, ошого тете жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы тарабынан жасалса, жосундун натыйжасында адамдын саламаттыгына зыян келтирилсе же башка оор кесепеттер келип чыкса, - эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [256-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-256)  
Кийинки берене: [258-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-258)
