# 255-статья. Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды мыйзамсыз өндүрүү жана өткөрүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111674)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920084..920085>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 255-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-255

---

(1) Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды белгиленген талаптарды бузуу менен өндүрүү жана (же) өткөрүү, эгерде мындай иштин натыйжасында байкабастыктан адамдын саламаттыгына зыян келтирилсе - келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен коомдук жумуштарга тартууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөөгө жазаланат. (2) Ушул эле жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, - үч миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөөгө же болбосо белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө укугунан же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же эки жылдан беш жылга чейинки эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [254-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-254)  
Кийинки берене: [256-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-256)
