254-статья. Күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз жүгүртүү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 25-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2012 года № 145
(1) Өткөрүү максатында баңгилик каражаттар же психотроптук заттар болуп саналбаган күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды, же аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ошондой эле мыйзамсыз өткөрүү, - үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан же ири өлчөмдө жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды өндүрүү, алуу, сактоо, каттоо, берүү, ташуу, же жөнөтүү эрежелерин бузганда, эгерде ал алардын уурдалышына же башка олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
254-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 10.06.2011 · № 299
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 ноября 2003 года № 700 "О проектах законов Кыргызской Республики "Об органах Кыргызской Республики по контролю наркотиков" и "О внесении…Постановление · 04.11.2003 · № 700 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 14.07.2008 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-254" title="254-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>