# 248-статья. Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.12.2009 [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920025..920026>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 248-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-248

---

(1) Уурдоо же опузалап талап кылуу жолу менен баңгилик каражаттарга же психотроптук заттарга мыйзамсыз ээ болгондо, - мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Эгерде ошол эле жосундар:

1) мурда уурулук же опузалап талап кылуу үчүн соттолгон адам тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;

3) баңгилик каражаттар же психотроптук заттар кызматтык абалына байланыштуу же кайтарууга ишенилип берилген адам тарабынан жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун же ири өлчөмдө жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар же өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [247-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-247)  
Кийинки берене: [249-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-249)
