# 246-статья. Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920040..920042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 246-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-246

---

(1) Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды анча чоң эмес өлчөмдөрдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ошондой эле аракеттер үчүн администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалса, - жүздөн эки жүз кырк саатка чейинки коомдук жумуштарга тартууга же элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар баңги заттары менен байланышкан ар кандай кылмышты мурда жасаган адам тарабынан жасалса, - жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо, - эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле жосундар, эгерде алардын предмети өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттары болсо, - үч миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмеси, ал эми ушул статья боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка статьялары боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Ушул статьяда каралган кылмышты жасаган, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшогондорду ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшогондорду мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларга бөгөт коюуга, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштуу жол менен табылган мүлктү табууга активдүү көмөктөшкөн адам бул кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшогондорду адамды кармаган, ошондой эле аларды табуу жана алуу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзгөн учурда ыктыярдуу өткөрүп берүү деп таанылышы мүмкүн эмес. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [245-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-245)  
Кийинки берене: [247-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-247)
