# 242-статья. Куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 октября 2014 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205369)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.10.2014 [Закон КР от 25 октября 2014 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205369); 27.10.2011 [Закон КР от 27 октября 2011 года № 185 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203424)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920063..920064>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 242-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-242

---

(1) Ок атуучу куралды мыйзамсыз оңдоо (мергенчилик сайсыздан башка) же даярдоо, ага тете ок-дарыларды, жардыргыч заттарды же колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо, - эсептик көрсөткүчтүн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айыпка же эки жылга чейинки түзөтүү иштерине же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ок атуучу куралдын конструкциясын удаа атууну жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгүнө алып келген мыйзамсыз өзгөртүү же болбосо куралдын стандарттык талаптарга жооп бербеген, ошондой эле атууну сайсыз же болбосо газ куралынан сайлуу куралдан атуу үчүн арналган патрондор менен жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү жалпы узундугун кыскартуу, - эсептик көрсөткүчтүн миңге чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -

үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Денени жабыркатуучу патрон менен атуу үчүн арналган газ атуучу, сайсыз куралды, ок атпоочу куралдарды, анын ичинде ыргытуучу куралдарды мыйзамсыз даярдоо, - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Эгерде анын аракеттеринде башка кылмыш иштери болбосо, ушул статьяда көрсөтүлгөн буюмдарды өз ыктыяры менен тапшырып берген адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат. (5) жалындоо үчүн түзүлүшү (запалы) бар күйүүчү аралашма куюлган сыйымдуулуктарды даярдоо, сатып алуу, сактоо сатып өткөрүү, ташуу же алып жүрүү, - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-241)  
Кийинки берене: [243-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-243)
