# 241-статья. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 октября 2011 года № 185 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203424)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.10.2011 [Закон КР от 27 октября 2011 года № 185 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203424); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 12.03.2002 [Закон КР от 12 марта 2002 года № 36 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920031..920032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 241-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-241

---

(1) Ок атуучу куралдарды (мергенчинин сайсыз мылтыгынан башка жана алардын ок-дарыларынан башка), ошондой эле, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз алуу, бирөөгө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү, - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул эле жосундар, адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалса, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, - сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ок атпоочу, газ атуучу куралдарды, денени жабыркатуучу патрон менен атуу үчүн арналган сайсыз куралды анын ичинде ыргытуучу куралдарды мыйзамсыз сатып алганда, сатып өткөргөндө же алып жүргөндө, - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыяры менен тапшырган адамдын аракетинде кылмыштын башка курамы болбосо, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул статьяда, ошондой эле ушул Кодекстин 242-статьясында көрсөтүлгөн буюмдарды адамды кармаган учурда, ошондой эле аларды табуу жана тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүү деп таанылышы мүмкүн. (КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [240-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-240)  
Кийинки берене: [242-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-242)
