# 240-статья. Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап талап кылуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920004..920005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 240-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-240

---

(1) Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап талап кылуу,- эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан;

3) адамдын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирилбеген зомбулук колдонуу менен, же мындай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Радиоактивдүү материалдарды уурдаганда же опузалап талап кылганда адамдын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген, зомбулук менен, болбосо уюшкан кылмыштуу топ же кылмыштуу шериктик, же уурдагандыгы же опузалап талап кылгандыгы үчүн эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [239-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-239)  
Кийинки берене: [241-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-241)
