# 236-1-статья. Сапатсыз курулуш

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-236-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 236-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-236-1

---

1. Сапатсыз курулган, аягына чейин бүткөрүлбөгөн же келишимдин жана долбоордук документтердин шарттарына ылайык келбеген имараттарды жана курулмаларды, электр станцияларды, турак үйлөрдү же башка курулуш объекттерин ишке чегилүүчү, курулуш уюмунун жетекчиси жана курулуштун сапатына көзөмөлдү жүзөгө ашырган кызмат адамы тарабынан эксплуатациялоого берүү жана (же) кабыл алуу, ошого тете жумуштарды жүргүзүүчүлөр тарабынан алардын сапатсыз ремонту, эгерде бул байкабастыктан адамдын ден соолугуна оор же анча оор эмес залал келтирсе, -

жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [236-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-236)  
Кийинки берене: [237-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-237)
