# 234-статья. Хулиганчылык

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978); 17.12.2009 [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920054..920055>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 234-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-234

---

(1) Хулиганчылык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, ошого тете мүлктү жок кылам же зыянга учуратам деп коркутуу менен коштолгон, коомдук тартипти же жалпыга бирдей жүрүш-туруш ченемдерин одоно бузган аракеттер атайылап жасалганда, - эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо жүз сексенден эки жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Хулиганчылык:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда;

3) жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо;

4) башка бирөөнүн мүлкүнө атайын олуттуу зыян келтирүү, аны жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгондо, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Хулиганчылык:

1) (КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) курал колдонуу же курал-жарак, болбосо курал катары пайдалануучу нерселерди колдоном деп коркутуу менен коштолгондо;

3) коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга, же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүүгө байланыштуу жасалганда, -

төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [233-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-233)  
Кийинки берене: [235-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-235)
