# 231-статья. Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 231-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-231

---

(1) Оор же өтө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу шериктик (кылмыштуу уюм) түзүү, ошого тете мындай шериктикке (уюмга) же ага кирген структуралык кичи бөлүмдөргө жетекчилик кылуу, ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюшкан кылмыштуу топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмелерин түзүү, - мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Кылмыштуу шериктикке (кылмыштуу уюмга) катышканда, - мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [230-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-230)  
Кийинки берене: [232-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-232)
