# 23-статья. Атайылап жасалган кылмыш

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 23-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-23

---

(1) Тикелей же кыйыр ниетте жасалган жосун, атайылап жасалган кылмыш деп табылат. (2) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, алардын ошондой болушун кааласа, анда ал тикелей ниетте жасалган кылмыш деп табылат. (3) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышы мүмкүн экендигин баамдай алса, аларды каалабаса, бирок аң-сезимдүү түрдө аларга жол берсе, анда ал кыйыр ниетте жасалган кылмыш деп табылат.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-24)
