23-статья. Атайылап жасалган кылмыш
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Тикелей же кыйыр ниетте жасалган жосун, атайылап жасалган кылмыш деп табылат. (2) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, алардын ошондой болушун кааласа, анда ал тикелей ниетте жасалган кылмыш деп табылат. (3) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышы мүмкүн экендигин баамдай алса, аларды каалабаса, бирок аң-сезимдүү түрдө аларга жол берсе, анда ал кыйыр ниетте жасалган кылмыш деп табылат.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-23" title="23-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>