# 228-статья. Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920072..920074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 228-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-228

---

(1) Адамдардын өлүмүнө, олуттуу мүлктүк зыянга, коомдук иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга же болбосо башка оор кесепеттердин келип чыгышына коркунуч келтирүүчү даярдалып жаткан, өрттөө же башка аракеттер жөнүндө билип туруп жалган маалымат билдирилгенде, - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндөгү айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар ири зыян алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн бир миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар өзгөчө ири зыян алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн он миңден жыйырма беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда укук бузуу жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан зыян - ири, ал эми эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашкан зыян - өзгөчө ири зыян деп таанылат. (КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [227-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-227)  
Кийинки берене: [229-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-229)
