# 227-статья. Барымтага кармоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 марта 2009 года № 83 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203122)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2009 [Закон КР от 17 марта 2009 года № 83 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203122); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920018..920019>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 227-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-227

---

(1) Барымтага алынган адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр-бир аракетти жасоого же жасатпай коюуга мажбурлоо максатында адамды барымтага алуу же кармоо, - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

3) өмүргө же саламаттыкка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү же өлтүрөм деп коркутуу менен;

4) курал же курал катарында пайдаланылган башка нерселерди колдонуу менен;

5) эки же андан ашык адамга карата;

6) жашы жете элек экендиги белгилүү болгон адамга карата;

7) айыпкерге, кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата;

8) пайда табуу максатында же жалданып жасалганда, -

сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар кылмыштуу шериктик тарабынан жасалса, же байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын саламаттыгына оор залал келтирсе, болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, - он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде барымтага кармаган адамды өз ыктыяры менен бошоткон адамдын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-мартындагы № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2266-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-2266)  
Кийинки берене: [228-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-228)
