2266-статья. Террористтик же экстремисттик ишти ачык жактыруу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2016 года № 162
Террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга же болбосо терроризм менен экстремизмди ачык актоого чакыруу белгилери болбогондо ачык чыгып сүйлөө же болбосо жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын пайдалануу жолу менен террористтик же экстремисттик ишти ачык жактыруу, ошондой эле террористтик же экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайын эмес пайдалануу, көрсөтүлгөн укук бузуулар администрациялык айып салуудан кийин бир жылдын ичинде жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн миңден эки миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ачык жактыруу террористтик же экстремисттик ишти ачык даңктоо же мактоо, анын ичинде ага суктануу, актоо ушул статьяда ачык жактоо деп түшүнүлөт. (КР 2016-жылдын 2-августундагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2266-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-2266" title="2266-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>