# 226-статья. Терроризм актысы

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 180 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203989); 17.03.2009 [Закон КР от 17 марта 2009 года № 83 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203122); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920072..920074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 226-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-226

---

(1) Адамдардын курман болуу коркунучун түзгөн, олуттуу мүлктүк зыян келтирген, болбосо башка коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышына алып келген жардыруу, өрттөө же башка аракеттер жасалганда, эгерде бул аракеттер коомдук коопсуздукту бузуу, калкты коркутуу же бийлик органдары же эл аралык уюмдар тарабынан чечим кабыл алууга таасир көрсөтүү максатында жасалса, ошондой эле аталган аракеттерди ошол эле максаттарда жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он жылдан он беш жылга мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда;

2) ок атуучу куралды ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылгыч, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн колдонуу менен жасалганда;

3) стратегиялык объектилерде жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он беш жылдан он сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, же байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, - он сегиз жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат же мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан өмүр бою эркиндигинен ажыратылат. Эскертүү. Терроризм актысын даярдоого катышкан адам, эгерде бийлик органдарына өз убагында эскертсе же башка ыкма менен терроризм актысын жүзөгө ашырууну болтурбай коюуга көмөк көрсөтсө жана бул адамдын аракеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-мартындагы № 83, 2013-жылдын 3-августундагы № 180, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [225-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-225)  
Кийинки берене: [2261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-2261)
