# 225-статья. Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920042..920043>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 225-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-225

---

(1) Мамлекеттик органдын, ишкананын, мекеменин, уюмдун, коомдук бирикменин, граждандардын өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы болбогон кызматчы өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып жасоого тийиш болгон же жасай ала турган белгилүү аракетти акча берген адамдын таламында аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн олуттуу өлчөмдө материалдык сыйлык же мүлктүк пайданы мыйзамсыз алганда, - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө же болбосо коммерциялык паралап сатып алуунун жетимиш эседен жүз эсеге чейинки суммасында айып салынат. (2) Ошол эле жосун адамдардын тобу тарабынан же ири өлчөмдө жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн эки миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо коммерциялык паралап сатып алуунун жыйырма эседен отуз эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосун өтө ири өлчөмдө жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо коммерциялык паралап сатып алуунун бир эседен үч эсеге чейинки суммасында айып салынат же белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурга сыйлыктын же мүлктүк пайданын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү эсе ашса олуттуу өлчөмдө, миң эсе ашса - ири, он миң эсе ашса - өзгөчө ири өлчөмдө деп таанылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [224-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-224)  
Кийинки берене: [226-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-226)
