# 224-статья. Коммерциялык паралап сатып алуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920042..920043>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 224-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-224

---

(1) Коммерциялык уюмда башкаруучулук милдеттерди аткарган адамга, ошол адамдын ээлеген кызматтык абалына байланыштуу берип жаткандын кызыкчылыгы үчүн жасаган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн, акча, баалуу кагаздар, башка мүлк мыйзамсыз берилгенде, ошого тете мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүлгөндө, - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу;

2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -

эсептик көрсөткүчтүн үч жүздөн сегиз жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, же болбосо эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Коммерциялык уюмда башкаруучулук милдеттерди аткарган адам өзүнүн, ээлеген кызматтык абалына байланыштуу берген адамдын кызыкчылыктарына жасаган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн мыйзамсыз акча, баалуу кагаздар, башка мүлктү алганда, ошого тете мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз пайдаланганда, - эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен коммерциялык паралап сатып алуунун жыйырма эседен элүү эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде алар:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу;

2) опузалап талап кылуу менен коштолсо;

3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -

эсептик көрсөткүчтүн он миңден жыйырма миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен коммерциялык паралап сатып алуунун элүү эседен жетимиш эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундарды жасаган адам, эгерде ага карата опузалап талап кылуу жасалса же эгерде бул адам паралап сатып алуу жөнүндө кылмыш-жаза ишин козгоого укугу бар органга өз ыктыяры менен билдирсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [223-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-223)  
Кийинки берене: [225-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-225)
