Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
221-статья. Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 23-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 января 2015 года № 16
(1) Коммерциялык же башка уюмдун кызматчылары өзүнүн тескөөчү же башка башкаруучулук ыйгарым укуктарын бул уюмдун кызыкчылыктарына каршы жана өзү үчүн, ошондой эле башка адамдар үчүн пайда же артыкчылык табуу, болбосо башка адамдарга зыян келтирүү максатында пайдаланганда, эгерде ал граждандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, - эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге, ага тете коммерциялык же башка уюмдун менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келсе, - эсептик көрсөткүчтөрдүн бир миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун акцияларынын 30дан ашык пайызы (үлүшү) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон коммерциялык уюмдагы башкаруу милдетин аткаруучу адам тарабынан жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган, оор кесепеттерге алып келген, ага тете жосун:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүүлөр. 1. Ушул главанын статьяларында коммерциялык же башка уюмда башкаруучулук милдеттерди аткаруучу катары, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болбогон коммерциялык эмес уюмда уюштуруучулук-тескөөчүлүк же администрациялык-чарбалык милдеттерди туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча аткарган адам табылат.
2. Эгерде ушул статьяда же болбосо ушул главанын башка статьяларында каралган жосун мамлекеттик же муниципалдык түзүлүш акцияларга (уставдык капиталдагы үлүшкө) ээлик кылган мамлекеттик же муниципалдык ишкана, чарбалык коом болуп саналбаган коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш-жаза куугунтугуна алуу ошол уюмдун арызы боюнча же анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
3. Эгерде ушул статьяда, болбосо ушул главанын башка статьяларында каралган жосун башка уюмдардын кызыкчылыктарына, ошондой эле граждандардын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш-жаза куугунтугуна алуу жалпы негизде жүзөгө ашырылат.
4. Ушул статьяда каралган жосун, эгерде ал кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма миң эсе ашса, өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалган деп таанылат.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2015-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 января 2015 года № 16 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 246 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 29-январындагы "Дуйшонали Мамасалиевдин кызыкчылыгындагы Вилен Рафаильевич Федоровдун Кыргыз…Постановление · 29.01.2018
- КР УО 2010-жылдын 30-апрелинин № 36 "Кылмыштык жооикерчиликтен бошотуу женундв" ДекретиДекрет · 30.04.2010 · № 36
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.07.2023 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Об амнистии в честь 7-й годовщины независимости Кыргызской Республики и 50-летия всеобщей декларации прав человекаЗакон · 14.01.1999 · № 3 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.03.1998 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 2002 года №849 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской…Постановление · 13.12.2002 · № 849 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 14.07.2008 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-221" title="221-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>