# 220-статья. Спорттук мелдештерге жана оюн-зоок конкурстарына катышуучуларды жана уюштуруучуларды паралап сатып алуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920054..920055>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 220-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-220

---

(1) Спортсмендерди, спорттук судьяларды, машыктыруучуларды, командалардын жетекчилерин жана профессионал спорттук мелдештердин башка катышуучуларын же уюштуруучуларын, ага тете эле коммерциялык оюн -зоок конкурстарынын уюштуруучуларын же жюринин мүчөлөрүн мындай мелдештердин же конкурстардын натыйжаларына таасир көрсөтүү максатында паралап сатып алуу уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, - эсептик көрсөткүчтөрдүн элүү өлчөмүндөгү айып салуу менен эки жуз кырктан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн төрт жүздөн алты жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Спорттук судьялардын, машыктыруучулардын, командалардын жетекчилеринин же спорттук мелдештерди уюштуруучулардын, ага тете эле коммерциялык оюн-зоок конкурстарынын уюштуруучуларынын же жюри мүчөлөрүнүн мелдештердин же конкурстардын натыйжаларына таасир көрсөтүү максатында акча же материалдык баалуулуктарды же материалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз алуусу, - беш жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [219-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-219)  
Кийинки берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-221)
