# 216-статья. Банкротко учуроодогу укукка жат аракеттер

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2002 года № 109 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1065)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=919974..919975>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 216-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-216

---

(1) Мүлктү же мүлктүк милдеттерди, мүлк, анын өлчөмү, турган орду жөнүндөгү кабарларды, болбосо мүлк жөнүндөгү башка маалыматты жашырганда, мүлктү башканын ээлигине бергенде, мүлктү ээликтен ажыратканда, же жок кылганда, ошого тете экономикалык ишти чагылдырган бухгалтердик жана башка эсеп-кысаптык документтерди жашырганда, жок кылганда, бурмалаганда, эгерде бул аракеттер банкротко учуроодо же банкроттук күтүлгөн учурда карыз уюмдун жетекчиси же менчик ээси же жеке ишкер администратор тарабынан жасалып, ири зыянга учуратса, - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Карыз уюмдун жетекчиси же менчик ээси же өзүнүн иш жүзүндөгү кудуретсиздиги (банкроттугу) жөнүндө билген башка жеке ишкердин башка кредиторлорго атайылап зыян келтирүү менен айрым кредиторлордун мүлктүк талаптары укукка жат канааттандырылганда, ошого тете жарамсыз карыз башка кредиторлорго зыян келтирүү менен өзүнө артыкчылык берүүсү жөнүндө билген кредитор тарабынан мындай канааттандыруу кабыл алынганда, эгерде бул аракеттер ири зыян келтирсе, - эсептик көрсөткүчтүн жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2002-жылдын 22-июнундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [215-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-215)  
Кийинки берене: [217-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-217)
