216-статья. Банкротко учуроодогу укукка жат аракеттер
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 22-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июня 2002 года № 109
(1) Мүлктү же мүлктүк милдеттерди, мүлк, анын өлчөмү, турган орду жөнүндөгү кабарларды, болбосо мүлк жөнүндөгү башка маалыматты жашырганда, мүлктү башканын ээлигине бергенде, мүлктү ээликтен ажыратканда, же жок кылганда, ошого тете экономикалык ишти чагылдырган бухгалтердик жана башка эсеп-кысаптык документтерди жашырганда, жок кылганда, бурмалаганда, эгерде бул аракеттер банкротко учуроодо же банкроттук күтүлгөн учурда карыз уюмдун жетекчиси же менчик ээси же жеке ишкер администратор тарабынан жасалып, ири зыянга учуратса, - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Карыз уюмдун жетекчиси же менчик ээси же өзүнүн иш жүзүндөгү кудуретсиздиги (банкроттугу) жөнүндө билген башка жеке ишкердин башка кредиторлорго атайылап зыян келтирүү менен айрым кредиторлордун мүлктүк талаптары укукка жат канааттандырылганда, ошого тете жарамсыз карыз башка кредиторлорго зыян келтирүү менен өзүнө артыкчылык берүүсү жөнүндө билген кредитор тарабынан мындай канааттандыруу кабыл алынганда, эгерде бул аракеттер ири зыян келтирсе, - эсептик көрсөткүчтүн жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2002-жылдын 22-июнундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
216-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 14.07.2008 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-216" title="216-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>