# 213-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 августа 2016 года № 166 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111445)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.08.2016 [Закон КР от 12 августа 2016 года № 166 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111445); 18.02.2014 [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 33 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205255); 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 20.02.2009 [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 58 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202529); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 17.02.2003 [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 36 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1160)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920074..920075>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 213-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-213

---

(1) Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын эсептөө үчүн документтерди бербөө, салыктарды жана камсыздандыруу акыларын эсептөө үчүн документтерге кирешелери же чыгашалары жөнүндө бурмаланган маалыматтарды киргизүү же мындай документтерди жок кылуу жолу менен салыктарды жана милдеттүү социалдык камсыздандыруу акыларын ири өлчөмдө төлөөдөн четтеши ири өлчөмдөгү чыгымга алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратууга, болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосун өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, - беш миңден он миңге чейинки өлчөмдөгү айып менен же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын ири өлчөмдө төлөөдөн четтөө катары кылмыш жасалган күнгө карай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш миң эседен ашкан, өзгөчө ири өлчөм катары - он миң эседен ашкан, салыкты жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөө деп табылат. Салык карызынын бүткүл суммасы, анын ичинде айыптар жана туумдар ыктыярдуу түрдө жоюлган учурда жакты жазыктык куугунтуктоо жазык процессинин ар кандай стадиясында токтотулууга тийиш. Бул бөлүмдүн жоболору ушул Кодекстин 210-213-статьяларына жайылтылат. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-февралындагы № 58, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2014-жылдын 18-февралындагы № 33, 2016-жылдын 12-августундагы № 166 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [212-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-212)  
Кийинки берене: [214-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-214)
