# 204-статья. Контрабанда

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2018 года № 77 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111813)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2018 [Закон КР от 2 августа 2018 года № 77 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111813); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 170 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205391); 21.12.2011 [Закон КР от 21 декабря 2011 года № 246 "О внесении дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203512); 18.10.2011 [Закон КР от 18 октября 2011 года № 177 "О внесении дополнения и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203416); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920064..920065>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 204-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-204

---

(1) Контрабанда, башкача айтканда, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкаркы товарларды же башка нерселерди ири өлчөмдөрдө алып өтүү, бажы көзөмөлүнөн буйтап же жашыруу менен, болбосо документтерди же бажылык идентификация каражаттарын алдап пайдалануу менен жасалса, болбосо декларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, - бир миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же мүлкүн конфискациялоо менен эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу баңгилик каражаттарды, психотроптук, таасири күчтүү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү же жарылгыч заттарды, курал-жарактарды, жарылуучу түзүлүштөрдү, ок атуучу курал-жарак же ок-дарыларды, ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн, массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактарды түзүүдө пайдаланылышы мүмкүн болгон материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматтарды жана жабдууларды, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, ошондой эле алардын дериваттарын алып өтүү жана аларга карата Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык жактан маанилүү чийки зат товарларды жана маданий баалуулуктарды алып өтүү, эгерде бул жосун бажы көзөмөлүн буйтап же жашыруу менен, болбосо документтерди же бажылык идентификациялоо каражаттарын алдап пайдалануу менен жасалса же декларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, - мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса;

2) бажылык контролду жүзөгө ашырган адамга зордук көрсөтүү менен жасалса, -

3) адамдардын тобу;

4) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу;

5) өзгөчө ири өлчөмдө, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул главанын 204, 205-статьяларында каралган жосундар, эгерде алынып өтүлгөн товарлардын наркы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш миң эселенген өлчөмүнөн ашса ири өлчөмдө өзгөчө ири өлчөмдө - он миң эселенген өлчөмүнөн ашса жасалган деп табылат. Эгерде аларды ташып чыгарууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаган учурда адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып алынган же өндүрүлгөн товарларды жана буюмдарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга багытталган аракеттери ушул главанын 204-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган жосундарга кирбейт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажы декларациясын жүргүзүү жана чыгаруу менен туумдарды кошуп алганда, тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эки эселенген өлчөмүн өз ыктыяры менен төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 177, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 246, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170, 2018-жылдын 2-августундагы N 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [203-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-203)  
Кийинки берене: [204-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-204-1)
