# 204-1-статья. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-204-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 204-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-204-1

---

(1) Транспорт каражаттарын же жасалма документтерди, болбосо турак жай же дагы башка имарат-жайды берүү, ошондой эле жарандардын мыйзамсыз келүүсү, кетүүсү үчүн дагы башка кызматтарды көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын аймагында орун которуп жүрүү менен мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, - беш жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдөгү айып салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат; (2) Алдынала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, болбосо өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен жасалган ошол эле жосундар, - үчтөн беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [204-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-204)  
Кийинки берене: [204-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-204-2)
