# 194-статья. Коммерциялык, банктык же бөлөк сырды, ошондой эле салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын ачыкка чыгаруу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 194-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194

---

(1) Коммерциялык, банктык же бөлөк сырды түзгөн билдирүүлөрдүн, ошондой эле салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын алардын ээсинин макулдугусуз ишеним берилген же ага кызматы же иши боюнча белгилүү болгон жак тарабынан мыйзамсыз ачыкка чыгарылуусу же пайдаланылуусу, - белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратылуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ири зыян алып келген же пайда көздөөгө ниеттенүү менен жасалган, ага тете менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келген ошол эле жосундар, - белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратылуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 223, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [193-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-193)  
Кийинки берене: [194-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194-1)
