# 194-2-статья. Баалуу кагаздар рыногунда баалар менен манипуляциялоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 194-2-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194-2

---

(1) Баалуу кагаздар рыногунда баалар менен манипуляциялоо, башкача айтканда төмөндөгү жосундардын бирин атайылап жасоо:

1) бааларды, баалуу кагаздар рыногунда соода активдүүлүгүн сунуштардын жана суроо-талаптардын объективдүү бирдейлигинин натыйжаларында белгиленгенден жогорулатууга же төмөндөтүүгө багытталган аракеттерди жасоо;

2) суроо-талаптарга жана сунуштарга, баалуу кагаздарга же соода-сатыктын көлөмүнө таасир тийгизүүчү же таасир тийгизүүгө жөндөмдүү жалган же адаштырууга алып келүүчү маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары, жалпы колдонуудагы маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу жана башка кандай болбосун ыкма менен жайылтуу;

3) бүтүмдөр алдын ала ошондой кылуу жөнүндө сүйлөшүп алышкан жактардын атынан же ошол жактардын эсебинен же алардын өкүлдөрү тарабынан жасалган шартта, ошол күнү уюштурулган соодаларда ошондой эле баалуу кагаздарга колдонулган баалардан олуттуу айырмаланган баалар боюнча баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүү;

эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жосундар баалуу кагаздар рыногунун башка катышуучуларына зыян келтирүү менен пайда көздөө же башка жеке кызыкчылыкта же баалуу кагаздарды сатуу же сатып алуу кызыкчылыктарын жаратуу максаттарында жасалса, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) кызмат абалынан пайдалануу менен;

2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан жасалса, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [194-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194-1)  
Кийинки берене: [195-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-195)
